Рамзан Кадыровдун коомчулук билбеген экинчи аялы бар экени ачыкталды

9 апрель 2021 11:54 2759 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чеченстандын башсысы Рамзан Кадыровдун коомчулук билбеген дагы бир аялы бар экени ачыкталды. Бул тууралуу "Проект" басылмасынын Кадыровдун үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсүндө айтылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Иликтөөнүн авторлору, Кадыров буга чейин, өз өлкөсүндө көп аялдуулукка мыйзамдуу түрдө уруксат берилиши керектиги тууралуу маселени көтөрүп келгенин, бирок, өзүнүн экинчи жубайы тууралуу үн катпай жүргөнүн айтышкан.

Маалыматта, Кадыровдун экинчи аялы Чеченстандын Махкеты айылынын тургуну Фатима Хазуева экени айтылат. 
Чеченстандын башчысы менен Хазуева 2006-жылы 15 жашында таанышкан.

Кадыров менен Хазуеванын баш кошконун кыздын айылдаштары тастыкташкан. Ошондой эле, чечен оппозициячыл блогери Тумсо Абдурахманов да бул маалыматты тастыктап, ал Фатиманын агасы менен дос болгондуктан, бул жөнүндө кабары бар экенин айткан. 

Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Кадыровдун экинчи аялы Чеченстандын башчысынын администрациясында иштейт жана 370 миллион рублге бааланган кыймылсыз мүлккө ээ. Ошону менен катары эле, анын Москвада бир нече батирлери бар экени айтылууда.

Ал эми, Рамзан Кадыровдун мыйзамдуу жубайы Медни Кадыровага келсек, ал да Москвада бир нече миллион рублга бааланган кыймылсыз мүлккө ээ экени айтылат. Бирок, жогорудагы айтылган кыймылсыз мүлктөрүнүн көпчүлүгү анын киреше декларациясына киргизилген эмес. 

Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrovdun-koomchuluk-bilbegen-ekinchi-ayaly-bar-ekeni-achyktaldy



Добавить комментарий