Рак оорусун алдын ала аныктоочу тестти сыноо башталды

13 сентябрь 2021 19:21 1181 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуу Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо кызматы (NHS) дүйнөдөгү эң ири тестти сынактан өткөрөт, ал алгачкы белгилери байкала электе эле рак оорусунун 50дөн ашык түрүн аныктоого колдонулушу ыктымал. Бул тууралуу Deutsche Welle булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Тест Американын Grail Inc. биотехнологиялык компаниясы тарабынан иштелип чыгып, сынактан өткөрүш үчүн NHS менен келишим түзүлгөң. Galleri тести аркылуу бейтаптын канындагы ДНК анализделип, анда рак клеткалары барбы же жокпу такталат.

Гарвард медициналык мектебинин Шишик оорулары институту шишик канга тарай электе ДНКда боло турган химиялык өзгөрүүлөрдү изилдешкен.  

Изилдөөнүн жыйынты менен 96 пайыз учурда рактын түрлөрүн кан аркылуу билсе болору белгилүү болду, мындай анализ аркылуу рактын 50дөй түрүн аныктап чыкса болот.

NHS жакында Англиядан 140 миң ыктыярчыны бул тест канчалык натыйжалуу экенин сынаш үчүн ишти баштайт.

Адистердин айтымында, рактын баштапкы стадиясында аныктоо менен бейтаптардын өмүрүн сактап калуу бир нече эсеге жогорулайт.

Ссылка: https://barometr.kg/rak-oorusun-aldyn-ala-anyktoochu-testti-synoo-bashtaldy



Добавить комментарий