Райым Матраимов: Баары Алмазбек Атамбаевдин кызы менен кайынэжем унаа койчу жер талашып урушкандан башталды

13 май 2019 22:46 4572 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Райымбек Матраимов биринчи ирет эл алдында кайрылуу менен чыгып жана экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.  

Анын эл алдында кайрылуу менен чыгышына Кара-Суу районунда 1-майда атасынын урматына арналып өткөн спорттук турнирдин айланасындагы кептер себеп болгонун белгиледи.

“Менин атамдын урматына өткөрүлгөн турнир сиз президент болуп турган кезде да болчу. Сиздин убактыңыз болбогондуктан ал жерге Икрам Илмияновду жөнөтчүсүз.Бир жарым жылдан бери мага жаман айтып, мени эл душманы кылып келе жатасыз. Мен көпкө сабыр кылып унчуккан жокмун. Мен сиз жана менин досум Икрам аркылуу мамлекеттик кызматка келгенимди жана сиздерди нааразы кылбай иштеп бергенимди эскертким келет. Сизге жана партияга кызмат кылдым. Мени сиздер Райым милионер кылдыңыздар. Биздин үй-бүлөлүк катышыбыз бар эле, сиз менин энемдин колунан чай ичтиңиз эле. 2017-жылы менин кайынэжем менен сиздин кызыңыз унаа токтоочу жайда уруша кеткен. Менин кайынэжем намаз окуйт, ал Кудайдан корккон адам, ошондуктан ал чатак чыгарды деп ойлобойм. Бирок ошондон кийин сиздин мага карата мамилеңиз өзгөрдү.Сиз жогорку деңгээлден менин деңгээлиме чейин түшүп келип мени жамандата баштадыңыз. Ошол кезден баштап мен мамлекеттик кызматта иштебейм”,-деп айтты Райымбек Матраимов.

Ал Алмазбек Атамбаев тууралуу мааалыматы бар экенин жана аны менен күрөшүүгө күчү жете турганын да эскертти. Матраимовдун толук кайрылуусун төмөнкү видеодон көрсөңүз болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/rajym-matraimov-baary-almazbek-atambaevdin-kyzy-menen-kajynezhem-unaa-kojchu-zher-talashyp-urushkandan-bashtaldy



Добавить комментарий