Рахмондун туугандары Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрин катуу сабап кетишти
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тууганы дарыгерлер менен чиновниктерди, анын ичинде Саламаттыкты сактоо министрин баш кылып катуу сабап кетишти.Бул тууралуу Озоди радиосуна шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Маалыматка караганда, окуя 20-июль күнү кечинде президенттин бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова көз жумгандан кийин болгон. Токмоктон саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана президенттик аппараттын медициналык борборунун башчысы Холмахмад Рахимзода олуттуу жаракат алганы айтылууда. Бийлик министрдин жана башкы дарыгердин сабалышы боюнча расмий комментарий берген жок.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда 64 жаш курагында президенттик аппараттын медициналык борборунда коронавируска каршы дарылоо учурунда көз жумган.
Добавить комментарий ×