Qazaq Air Бишкек-Алмата аба каттамын ачты, билет баасы 2 940 сом

8 апрель 2019 13:16 1443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык “Манас” аэропорту Qazaq Air авиа компаниясынын Алматадан келген алгачкы каттамын кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. 

“Казакстандын Qazaq Air аймактык авиакомпаниясы Бишкек менен Алмата шаарынын ортосунда жаңы каттамды ачты. “Манас” аэропорту 5-апрелде биринчи рейсти кабыл алды”,-деп айтылат маалыматта.

Каттам аптасына эки ирет- жума жана жекшемби күндөрү ишке ашып турат.

Учуунун узактыгы 30 мүнөт, билеттин баасы бир тарапка 2 940 сом.

Ушул жылдын май айында Qazaq Air Ош-Алмата каттамын ачууну пландоодо.

 

Ссылка: https://barometr.kg/qazaq-air-bishkek-almata-aba-kattamyn-achty-bilet-baasy-2-940-som



Добавить комментарий