Путинден "Газпромдун" акциясын сураган Бишкектик окуучуга Кремелден белек келди

17 декабрь 2020 11:41 3839 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын кичинекей тургуну, жети жаштагы мектеп окуучусу Рустам Ташматов Россиянын президенти Владимир Путинге жаңы жылдын алдында кат жазды.  Бул тууралуу “Россотрудничество” агенттигинин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Агенттиктин маалыматына ылайык, бала "Газпромдун" же "Роснефтьтин" акционери болууну кыялданат жана ал тула пряниктерин эч качан татып көргөн эместигин жазган.

«Рустам жашоого дымактуу көз караш менен карайт экен, бул эң сонун нерсе. Чоңоюп бойго жеткенден кийин, ал мунай-газ компанияларын багындырам деген оюнан кайтпай, мектепти аяктагандан кийин, жогорку билим алуу үчүн ылайыктуу университетти тандап алат деп үмүттөнөбүз. Бул аралыкта Кремлден Рустамга жаңы жылдык белек жөнөтүлдү. Россиянын Кыргызстандагы Илим жана маданият борборунда белектер жаңы жылдын алдында тапшырылат», - деп билдирди агенттик.

Экинчи класстын окуучусу Ташматов Рустам Бишкектеги №29 гимназияда окуйт. Ал мектептепте да алдыңкы окуучулардын катарын толуктайт. Ошондой эле, ал "Жакшы Адамдар" мектеп кыймылынын активисти катары белгилүү. 

Ссылка: https://barometr.kg/putinge-kat-zhazgan-bishkektik-okuuchuga-kremelden-zhay-zhyldyk-belek-keldi



Добавить комментарий