Путинге кат: Дүйнөлүк жылдыздар Навальныйды колдоп президентке кат жолдошту

17 апрель 2021 11:56 2696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды дүйнөгө белгилүү жазуучулар, сүрөтчүлөр жана илимпоздор жана актерлор колдоп, президент Владимир Путинге кат жолдошту. Бул тууралуу Le Mond гезити жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Дүйнөгө белгилүү 70тен ашуун жазуучу, сүрөтчү жана илимпоздор Россиянын президенти Владимир Путинге түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга керектүү дарылануудан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранып кайрылышты.

Алардын жамааттык каты 16-апрелде, жума күнү Франциянын Le Mond гезити жана британиялык The Economist журналы тарабынан коомчулукка жарыяланды.

Кайрылууга Нобель сыйлыгынын лауреаттары Светлана Алексиевич, Джон Максвелл Коутзи, Луиза Глюк, Герта Мюллер, Орхан Памук, жазуучулар Джоан Роулинг жана Салман Рушди, актерлор Жуд Лоу, Бенедикт Камбербэтч, Дэвид Духовни жана башка көптөгөн белгилүү адамдар кол коюшкан.

Алар саясатчынын абалы оор экендигин айтып, ал тезинен медициналык жардамга муктаж экендигин баса белгилешкен.

Эске сала кетсек, 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Дарыланып, Москвага кайтканда камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.


Ссылка: https://barometr.kg/putinge-kat-djnlk-zhyldyzdar-navalnyjdy-koldop-prezidentke-kat-zholdoshtu



Добавить комментарий