Путин жана бирөөлөрдүн балдары
Россиянын президенти Владимир Путин адаттагыдай эле балдар менен жолугушуусунда, өзгөчө кыймыл аракети менен эсте калды. Анткени ал дагы да бирөөнүн баласын өптү, - деп жазат НТВ телеканалы. Билдирүулөргө караганда кече Путин эл аралык балдарды коргоонун күнүндө Морозов атындагы ооруканага барып, андагы балдар менен жолугушуп, оор операциядан кийинки бир баланын башынан өпкөн.
Өлкө башчынын мындай аракетине кубанган бала “апа мени эң башкы президент өптү, а сени өпкөн жок”, деп сүйүнгөн. Баланын бул сөздөрүн уккан Путин “апаңды - атаң өбөт”, деп жооп берген.
Эске салсак, Путин эл арасында жүргөндө башка бирөөнүн балдарын өпкөндү жакшы көрөт. Ага мисалга, 2006-жылы Кремлде саякаттап жүргөн Путин кичинекей баланын курсагынан өпкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/putin-zhana-birlrdn-baldary
Добавить комментарий ×