Путин Кыргызстанга келди. Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

28 март 2019 10:16 931 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ал эми расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жайгаштырылды.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-kyrgyzstanga-mamlekettik-vizit-menen-keldi-prezident-sooronbaj-zheenbekov-tosup-aldy



Добавить комментарий