Видео. Путин келип жолдор жабылды. Карапайым калк нөшөрлөгөн жаанда үйлөрүнө кете албай калды

28 март 2019 20:06 3018 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 28-мартта Кыргызстанга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин мамлекеттик визити менен келди. Ага байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылып, жолдордо тыгындар пайда болду. Ага кошумча бүгүн кечке жуук жааган жаан көпчүлүктү кейитти.

Жолдор жабык болгонуна байланыштуу айрым маршруттук унаалар жүрбөй Чүй-Жашгвардия бульварындагы аялдамаларда топтолушкан адамдар нөшөрлөгөн жаанга калышты. Бул тууралуу  Barometr.kg сайтынын журналисти жеринен кабарлайт.

Кичинекей небереси менен көчөдө калган Жазгүл аттуу шаар тургуну өкмөт өкүдөрунө нааразычылыгын:

"Президент келсе да башка болсо да жөнөкөй жарандарга пайдасы тийгенин баййкабайбыз. Кыйналган эл кыйналган боюнча эле жашап келетабыз. Кийимдерибиздин баары суу болду, көчөдө маршрутка күтүп турганыбызга 1 саат болуп калды. Бийликтегилер ушул жактарын да эске алып анан жолдорду жапса эмне?", -деп айтып берди.

Суу болгон карапайым калк аялдамаларга калкаланып, үйлөрүнө ар кандай жолдор менен жетүүгө аракет кылышты.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-kelip-zholdor-zhabyldy-karapajym-kalk-nshrlgn-zhaanda-jlrn-kete-albaj-ayaldamany-el-kaptydy-srt-video



Добавить комментарий