Прокурордун жардамчысы төшөк оюндарынын учурунда думугуп каза тапты

14 май 2019 15:31 10425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада Бутырский райондор аралык сотунда иштеген прокурордун жардамчысы, 23 жаштагы Дмитрий Некрасов өзгөчө жагдайда каза тапты. Бул тууралуу «Комсомольская правда» кабарлады.

Жигитин денесинде тытылган тактар болгон. Ал сабалды деген божомолдор бар. Бирок анын өлүмүнүн так себебин экспертиза аныктайт. 

Укук коргоо органдарындагы булактар прокурордун жардамчысы өзү жалдап турган батирде сөөгү табылганын, оозуна галстук тыгылаган абалда думугуп калганын, колуна кишен салынган абалда экенин айтты. Анын версиясы боюнча жардамчы интимдик мамиле учурундагы БДСМ оюндардан думугум каза тапкан.

Булак кабарлагандай, квартирада жана төшөктө БДСМ оюндарынын ар кандай атрибутикалары болгон.

Мындан тышкары бул өлүмгө шектүү делип прокуратуранынн башка кызматкери жана каза тапкан жигиттин кесиптеши кармалды. Ага Некрасовдун шериги катары төшөк оюндарында абайлабагандыктан өнөктөшүн өлтүрүп алды деген айып тагылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/prokurordun-zhardamchysy-tshk-oyundarynyn-uchurunda-dumugup-kaza-tapty



Добавить комментарий