Прокурордун унаасынын жарылышы боюнча сот иши кайра каралат

27 май 2018 04:05 1198 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сотунда Башкы Прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн ага прокурору Эркин Курманалиевдин унаасынын жарылышы боюнча Октябрь райондук сотунун өкүмүнө каршы даттануу каралып баштады.

Күнөөлөнүп жаткан Төлөгөн Айтмырзаев 21 жылга эркинен ажыраган. Анткени менен анын адвокаты Бактыбек Жумашевдин баамында, бул иш жалган түзүлгөн, Айтмырзаевге кысым көрсөтүлгөндүктөн күнөөнү ал өз мойнуна алып алган. Процесстин жүрүшүндө Төлөгөн Айтмырзаев көрсөтмөлөрүнөн толугу менен баш тартты. Эске салсак, жардыруу 2016-жылдын 29-июлунда Эркин Курманалиев өз үйүнүн жанында токтоп турган унаасына олтуруп жаткан кезде болгон. Анын колунун манжалары үзүлүп, көзү жабыркаган.

Ссылка: https://barometr.kg/prokurordun-unaasynyn-zharylyshy-boyuncha-sot-ishi-kajra-karalat



Добавить комментарий