Активисттер: Сүлүктү шаарынын прокурору мурдагы мэрдин көмүскө бизнесин коргойт

21 май 2021 16:50 9529 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok


Сүлүктү шаарынын прокуратурасы буга чейинки мэр Рахманберди Абыназаровго каршы коомдук арыздарды кабыл албай жатат. Бул тууралуу “Барометрге” активисттер жана жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Эскерте кетсек, буга чейин, 2020-жылдын ноябрь айында "Э.К.Лустарация" коомдук бирикмеси башкы прокуратурага арыз менен кайрылган.

Тактап айтканда, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдонгон катта Абыназаров Сүлүктү шаарынын мэринин кызматын ээлегени менен, ишкердик менен алектенип жүргөнү, бул мыйзамга каршы келгендиги айтылган.

Активисттер шаардын мэринин көмүскө бизнесине карата прокурордук текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө айтышты. Алардын айтымында, Абдыназаров декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлккө ээ. Ошондой эле,көмүр шахтасында үлүшү бар ж.б.

Башкы прокуратура бул катты Сүлүктү шаарынын прокуратурасына жөнөткөн. Бирок, жергиликтүү прокуратура арызга жооп берген жок.

Ошол эле учурда Абдыназаров дагы жогору көтөрүлдү. Шаардык кеңешке уулу менен кошо катышып, экөө тең шаардык кеңештин депутаты болуп шайланган.

Активисттер өзүлөрү  иликтөө  жүргүзүшүп, эмне үчүн прокуратура мурдагы мэрдин үстүнөн түшкөн арызга жооп бербей жаткандыгын аныктады.

Маалым болгондой, шаар прокурору Курсан Калмурзаев эки жылдан ашык убакыттан бери Сүлүктү шаарынын мурдагы мэрине таандык мейманканада жашап келген.

Активисттер ал тургай прокурордун Т.Марипов көчөсүндө жайгашкан мейманканадан таң эрте чыгып кетип жаткандыгын видеого тартып алышкан.

Активисттердин айтымында, мейманканада күнүнө 1500 сом турат.

"Прокурор мейманкананын акысын кантип төлөйт? Эмне үчүн прокурор мурдагы мэрдин мейманканасында жашайт?Прокуратуранын кызматкерлери үчүн курулган кызматтык батир бар" - деп шаардын тургундары нааразы болушту.

Мындан тышкары, "Барометрдин" редакциясына Абдыназаров шаардын мэри болуп турган кезде прокуратура анын шектүү буйруктарын аткаруудан баш тарткан уюмдарда текшерүү жүргүзгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

"Прокуратура Абдыназаров шаардын мэри болуп турганда анын керээзин аткарышыбызды талап кылып, 15 жолу текшерүү жүргүздү",- деди мамлекеттик уюмдардын биринин кызматкерлери.

Активисттер жана шаар тургундары Башкы прокуратураны Сүлүктү шаарынын прокуроруна чара көрүүгө чакырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/aktivistter-slkt-shaarynyn-prokuroru-murdagy-merdin-kmsk-biznesin-korgojt



Добавить комментарий