Башкы прокурор Зулушев кайрадан кызматын аткарууга киришти

16 июнь 2022 12:52 992 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрадан кызмат ордуна кайтарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, башкы прокурору Курманкул Зулушев 16-июндан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти.

Ошондой эле, аталган тескеме менен Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Эскерте кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилген. 

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-kurmankul-zulushev-kajradan-kyzmatyn-atkaruuga-kirishti



Добавить комментарий