Прокуратура 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча соттун чечимине каршы даттанган жок
Зордукталган 13 жаштагы кыздын туугандарынан эч кандай даттануулар жана Тоң райондук сотунун чечимине карата прокуратуранын нааразычылыгы болгон жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева “Барометрге” билдирди.
“Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдары тарабынан айыпталуучу К. уулу Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1,4-бөлүгү боюнча айыбы угузулган.
Айыпталуучу С. уулу Э. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1,4-бөлүгү боюнча айыбы угузулган.
Ал эми айыпталуучу К. У. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1,3-бөлүгүндө, 161-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнүн 1,2-пункту боюнча айыбы угузулган.
Тоң райондук сотуна аталган жазык иштер 2020-жылдын 22-сентябрында келип түшкөн.
Тоң райондук сотунун 2020-жылдын 2-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу К. уулу Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1, 4-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, анын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган. Айыпталуучу К. уулу Ж. камакка алуу катарында тандалган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулган.
Тоң райондук сотунун 2020-жылдын 11-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу С. уулу Э. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 1, 4-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, анын кыймыл аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган. Айыпталуучу С. уулу Э. камакка алуу катарында тандалган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулган.
Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Тоң райондук сотунун 2020-жылдын 11-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу К. У. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин161-беренесинин 1,3-бөлүгү, 161-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнүн 1,2-пункту менен жиктелген кылмыш аракеттери Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 164-беренеси менен кайра жиктелип, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин аталган беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 7 (жети) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган. Бөгөт көюу чарасы өзгөртүүсүз камактагы бойдон калтырылган.
Тоң райондук соту берген маалыматка ылайык, азыркы учурда жабырлануучу тараптан жана прокуратура органдарынан кабыл алынган сот актыларына карата апелляциялык арыз же сунуш келтириле элек”, - деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×