Продюсер Канат Кадыржан ырчы болом дегендерге кастинг жарыялады

26 июнь 2021 11:50 1872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Продюсер Канат Кадыржан ырчы болом дегендерге кастинг жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

“Канат Кадыржан продюсердик борбору тартуулайт! Кыялдарыңды орундат, ырчы болом деген! Сиздер үчүн биз кастинг жарыялайбыз!

Биздин продюссердик борбор буга чейин бир топ жылдыздуу ырчылардын жолун ачып, чоң сахнага чыгарып, колдоо көрсөтүп келген. Алар атактуу Нурлан Насип, Данияр Эрматов жана башкалар.

Ошондуктан, сиз өз өнөрүңүз менен талантыңызды жашырбай, эл алдына чыгып көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот. Эл аралык конкурстарга катышып, алдыңкы орунга чыгууга жакшы жол ачылат!”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/prodyusser-kanat-kadyrzhan-yrchy-bolom-degenderge-kasting-zharyyalady



Добавить комментарий