Өзгөчө абал учурунда журналисттердин иштөөсүн камсыздоо үчүн аккредитациялоону кайра карап чыгуу сунушталды

14 апрель 2020 15:23 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштайт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

"Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз. Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз. Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу боюнча Жарлыкка кол койду. Андан сырткары Нарын шаары менен Ат-Башы облусунда өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат иштемей болду.

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-apparaty-akkreditaciyaloo-maselesin-kajra-karap-chyguunu-sunushtajt



Добавить комментарий