Президент Жээнбеков Кытайга иш сапар менен барат

1 апрель 2019 16:29 1166 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кытай эл республикасынын президенти Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.   

“Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен КЭРдин лидери Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет”,-деп айтты Сыдыков.

Анын маалыматына караганда президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында “Бир алкак бир Жол” деп аталган экинчи форумга катышыш үчүн Пекинге барат.

“Биздин президенттин Пекинге жасаган иш-сапарынын маалында кандайдыр бир документтерге кол коюу күтүлгөн жок. Бирок Кытайдын лидери Кыргызстанга келе турган иш сапарында эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуу тууралуу документтерди даярдап жатабыз”,-деп айтты Сыдыков.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-kytajga-ish-sapar-menen-barat



Добавить комментарий