Садыр Жапаров Ысык-Көл областына барат
Бөлүшүү:
Президент Садыр Жапаров 19-21-августта жумушчу сапар менен Ысык-Көл областына барат.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин эл аралык жыйынына катышат.
Мындан соң президент Ысык-Көл областында жумушчу сапар менен болуп, өлкөнүн 30 жылдык көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларга катышып, өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышат.
Эскерте кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны болот.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sadyr-zhaparov-ysyk-kl-oblastyna-barat
Добавить комментарий ×