Президент Ош облусуна иш сапары менен барат

9 июнь 2020 20:07 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-11-июнь күндөрү Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына сапар тартат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Ошондой эле президент иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-oshko-ish-sapary-menen-barat



Добавить комментарий