Президент депутат Жаныбек Абиров күзөтчүнү сабап койду делген маалыматты тыкыр иликтөөнү тапшырды

13 март 2023 12:51 650 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан күзөтчү сабалды делген маалыматты тыкыр карап, иликтөө тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал эми, депутат Абиров соцтармакта таркап жаткан видео боюнча азырынча комментарий бере элек.

“Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт”, -деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Жаныбек Абиров күзөтчүнү аёсуз сабап койду делген видео таркаган.



Ссылка: https://barometr.kg/prezident-deputat-zhanybek-abirov-kztchn-ayosuz-sabap-kojdu-delgen-maalymatty-tykyr-iliktn-tapshyrdy



Добавить комментарий