Президент ботокс сайдырганда. Эмне үчүн инъекция чоң суроо-талапка ээ болуп жатат?
Кабактагы ооруксунууну басыш үчүн дарыгерлер ботокс инъекциясын колдонуп келишкен. 30 жыл мурдараак ботокс сайылган теринин айланасы түздөлүп, бырыштар жазыла турганын байкашкан.Косметология ботокс инъекциясынан кийинки бул абалды көз жаздымда калтырбай, 1990-жылдардан баштап аялдар жана эркектер ботокстун бул таң калыштуу өзгөчөлүгүн пайдалуу жагынан колдонууга өтүштү.
“Сулуулук ийнесин сайдыруу” менен жарым жыл, ал тургай бир жыл бырыштар жөнүндө унутса болот. Преператты алгачкы куйгандан кийин бырыштар жарым жыл аралыгында болбойт. Ал эми андан кийин сайган учурда 9 ай бою натыйжасын берип ал тургай 12 айга чейин бетиңизде бырыш болбойт.
Эл алдында иштеген кесиптин ээлери: артисттер, дикторлор, президенттер көздүн айланасына ботокс сайдырышат. Ал майда бырыштарды түшүрбөй турат.
Эгерде кимдир-бирөө кандайдыр бир себептер менен ийне сайдырууга мүмкүнчүлүгү болбосо анда аны крем түрүндө колдонсо болот. Кремдин негизин ошол эле ботокс түзөт. Бирок таасири азыраак, ошол эле маалда тобокелдиги да азыраак болмокчу.
Азыркы учурда ботокс менен тиш дарылашат, тер бездеринин ишин жөнгө салышат. Үстүнкү эриндерге сайылган ботокс эриндин формасын өзгөртөт.
Бирок тилекке каршы ботокстун терс жактары дагы арбын.
Мисалы, ал 55 жаштан өткөндөн кийин натыйжа бербей калат. Терең түшкөн бырыштарды аны менен жазууга мүмкүн эмес болуп калат. Организм ботокс “уусуна” көнүп калгандыктан анын дозасын бара-бара көбөйтүүгө туура келет.Ошондой эле ботокс саюуда адис өз ишин жакшы билбесе туура эмес сайылган ботокс беттин формасын тескерисинче бузуп салышы толук ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-botoks-sajdyrganda-emne-chn-inekciya-cho-suroo-talapka-ee-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×