Президент башкаруу академиясынын ректорун алмаштырды
Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Алмазбек Акматалиев 1959-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган, эл депутаттарынын Нарын облустук кеңешинин төрагасы болгон. Философия илимдеринин кандидаты. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы, 1990—92-жылдары Кыргыз Pecпубликасынын президентинин аппаратында референт, сектор башчы, 1992—96-жылдары . Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары, 1996- 97-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, губернатор болгон.
Буга чейин жогоруда аталган окуу жайды Алмаз Насыров жетектеп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-bashkaruu-akademiyasynyn-rektorun-almashtyrdy
Добавить комментарий ×