Аскар Салымбеков негиздеген Salymbekov University окуу жайы ачылды

25 ноябрь 2019 14:40 3144 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда Salymbekov University (SU) расмий ачылды. Бул маалыматты Президенттин алдындагы башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өзүнүн facebook’тагы баракчасына жазды. Ал окуу жайдын негиздөөчүсү, белгилүү меценат Аскар Салымбеков менен чогуу окуу жайдын расмий туусунун жанында түшкөн сүрөтүн чыгарып, бул ишке ийгилик каалаган билдирүү калтырган.

Бүгүн дагы бир жагымдуу окуяга күбө болдук: Salymbekov University (SU) расмий ачылып, ишин баштаптыр! Аскар Мааткабыловичтин бул жаңы ишине албан ийгиликтерди каалайм! Чоң иш болду, Жараткан өзү колдосун! Биз ар дайым жаныңыздабыз, бул ыйык ишиңизге ийгилик”, - деп билдирүү жазды ректор.

Ссылка: https://barometr.kg/askar-salymbekov-negizdegen-salymbekov-university-okuu-zhajy-achyldy



Добавить комментарий