Алмазбек Акматалиев: Молдакунду Кой-Таштагы үй-бүлө эстеп да койгон жок

15 июль 2019 16:02 17143 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Чүй областындагы өкмөт өкүлүнүн аппарт жетекчиси Молдакун Абдылдаевди эскерди.

“Бүгүн Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатинди, уулу Илимбекти акыркы сапарга узатып келдик.

Ошентип досубузду бүт үй-бүлөсү менен бир заматта жоготуп, ичибиз ачышып турганда көп ой келет экен.

Маркумдун бүт үй-бүлөсүн акыркы сапарга узатканда көрсөткөн адамкерчилиги үчүн республика жетекчилигине, Президенттин, Жогорку Кеңештин Аппараттарына чоң ыраазычылык билдиришти маркумдун туугандары.

Экинчиден, өзгөчө ыраазычылыкты Чүй облустук админстрациясына, Аламедин районунун акимчилигине билдиребиз, булар чын ниетинен өзүлөрүнүн коллегасын акыркы сапарга узаткандагы түйшүктүн баарын тең көтөрүп беришти.

Үчүнчүдөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине   чоң раxмат, кырсыкка учураган 5 сөөктү тең күнү түнү издеп, аларды Көкөмөрөндөн таап, сөөк ээлерине тапшырып беришти.

Төртүнчүдөн, Суусамырдын тургундарына чоң раxмат. Досубуздун үй-бүлөсүн издеген ондогон туугандарын, досторун, жакындарын 15 күндөн бери үйлөрүнө жаткырып, тамак ашын берип, кайгысын тең бөлүшкөндүгүн жакындары эч качан унутпайт!

Молдакун Абдылдаев Президент Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу Өкүлү катары 4 жыл чын ниети менен иштеп берди эле! Тилекке каршы ушул күндөрү, Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө эбегейсиз кыйын күндөр түшүп турганда кыздары да, жакындары да Атамбаевдин өзүнөн да, ага тиешелүү Апрель телеканалынан дагы, Атамбаевдин пресс службасынан дагы бир жылуу сөз, бир эскерүү, бир кайгырууну бөлүшүү сөзүн укпаганы өкүндүрбөй койбойт.

Бул маселени алардын абийрине коелу. ӨКМ сөөктөрдү издеп жүргөндө, жетим калган кыздары кан жутуп отурганда, Молдакундун мурунку шефи Кой-Таштагы үйүндө концерт коюп, кучакташып, вальс тээп жүрүштү. 4 жыл бою ошол Атамбаевдин саясатын Жогорку Кеңеште жаман жакшы көрүнүп ашырып жүргөн Молдакунду Кой-Таштагы үй-бүлө эстеп да койгон жок, тилекке каршы.

Кош эми, Молдакун дос! Бүт үй-бүлөңдү жаныңа чогултуп алдың! Бейиштен насип кылсын Жараткан!”,-деп эскерди Алмазбек Акматалиев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/almazbek-akmataliev-moldakundu-koj-tashtagy-j-bl-estep-da-kojgon-zhok



Добавить комментарий