Президент: "Акимдин уруксаты жок бир дагы кадр дайындалбасын"

27 февраль 2019 19:35 5330 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Акимдин макулдугусуз бир дагы кадр коюлбашы керек деп айтты президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 27-февралда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын жүрүшүндө. Анын айтымында ортодон ар кандай бурмалагандар чыгып кетип жатат жана аймактарды өнүктүрүүдө бирдиктүү иштөө болбой жаткандыгын кошумчалады. 

"Аймактарды комплектүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок. Өз ара райондордун ортосунда тыгыз байланыш байкалбайт. Элет менен байланыш начар болуп жатат. Кээ бир учурда негизсиз эле маселелер көтөрүлүп жатат. Мына мисалы, Сузакта жолугушууда бирөө айтып жатат, жер үлүшүн айыл өкмөтү алып, беш жылдан бери соттошуп, акимге барып жыйынтык чыкпай келгендигин айтып атат. Бийлик ушинтип жатса, эл кантип ишенет бийликке"-деди президент. 


Ссылка: https://barometr.kg/prezident-akimdin-uruksaty-zhok-bir-dagy-kadr-dajyndalbasyn



Добавить комментарий