Премьер-министрдин бажасынын уулу Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайлдын» орун басарлыгынан бошотулду

16 май 2019 11:08 1759 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайлдын» директорунун орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда, аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 15.05.2019-ж. жазылган «Өз каалоосу менен кызматтан бошоо» жөнүндө арызга ылайык, ал кызматтан кеткен.

Депутат Жанар Акаев кечээ Жогорку кеңештин жыйынында «КТ Мобайл» жана «Альфа Телекомго» (ТМ MegaCom) байланыштуу маалыматтарды тез арада парламентте кароо сунушу менен чыккан.

«Биз  «КТ Мобайлдын» артында ким тураарын билишибиз керек. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, компаниянын артында өкмөт башчынын туугандары, бажалары, жакын туугандары ж.б. турат экен», - деп айтты депутат.

Мындан соң премьер-министр М.Абылгазиев «Ачык Өкмөттүн» жетекчиси анын бажасы Иманкадыр Рысалиев экенин моюндап, «КТ Мобайлдын» жетекчилигинин айлык акыларын текшерүүгө тапшырма берген.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministrdin-bazhasynyn-uulu-imankadyr-uulu-ernazar-kt-mobajldyn-orun-basarlygynan-boshotuldu



Добавить комментарий