Премьер баштаган өкмөт мүчөлөрү Аксы окуяларынын курмандыктарын эскерди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдагы апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн каргашалуу окуялардын жылдыгына арналган.
Өкмөт башчы менен биргеликте гүл коюуга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана өкмөттүн башка мүчөлөрү катышты.
Бүгүн мамлекет башчысы дагы Аксы окуяларына байланыштуу өз кайрылуусун жолдоп, Ала-Тоо аянтындагы эркиндик үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-bashtagan-kmt-mchlr-aksy-okuyalarynyn-kurmandyktaryn-eskerdi
Добавить комментарий ×