Польшадан келген дарыгерлер дарылоо иштерине жардам берет
Бөлүшүү:
Польшадан келген дарыгерлер Кыргызстандагы медицина кызматкерлерине дарылоо иштерине жардам берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Польшадан келген медиктер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада ишке киришти. Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет", - деди Үсөнбаев.
Анын айтымында, Польшанын медадистери 27-апрелге чейин Бишкекте, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы биздин дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.
Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус 568 кишиге жугуп, жети адамдын өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/polshadan-kelgen-darygerler-daryloo-ishterine-zhardam-beret
Добавить комментарий ×