Полициянын колунан каза тапкан Флойд COVID -19 менен ооруган

4 июнь 2020 13:28 1693 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Миннеаполисте полициянын колунан каза болгон Джордж Флойд коронавирус илдети менен ооруган. Бул тууралуу РИА Новости Миннесота штатынын соттук - медициналык экспертизасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

 3-апрелде алынган тесттин жыйынтыгы менен андан COVID-19 илдети аныкталган. Флойддун өлүмүн изилдөө учурунда коронавирус менен ооруганы такталды. Буга чейин чыккан экспертизада Флойд муунтуудан улам дем алуусу начарлап, жүрөгү токтогон  деген жыйынтык чыгарылган.

Эске салсак, Америкалык кара түстүү жаран Джордж Флойд 25-майда дүкөндөн жасалма акча менен кармалды деген айыптоонун негизинде полиция тарабынан кармалып, колуна кишен кийгизилген, ага карабай укук коргоо кызматкери 8 мүнөт бою Флойд каршы көрсөтпөсө да анын  мойнун тизээси менен басып турган. 

Белгилей кетсек, анын өлүмү АКШда массалык нааразычылыктарды жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/policiyanyn-kolunan-kaza-tapkan-flojd-covid-19-menen-oorugan



Добавить комментарий