Полиция кууган уурулар дээрлик миллион долларды таштай качты - сүрөт

7 май 2020 09:39 2155 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нью-Йорктун эки тургунун полиция кууп жүрүп кармады. Алар куугун учурунда жолдун четине 915 миң долларды таштай качышкан.

Калифорния штатынын Мерсед округунун полициясынын маалыматы боюнча, полиция кечинде көчөлөрдү күзөтүп жүргөн маалда, жанаша кетип бараткан үч жол тандабасты байкаган. Алардын бирөө жол эрежесин бузганын көргөн полиция кызматкерлери аны токтотууга аракет кылганда, ал баш ийбей койгону аз келгенсип полициянын машинасынын жолун торгогонго аракет кылган.

Бир канча мүнөттөн кийин кара жол тандабастын ичинен бир киши чыгып жолдун жээгине эки чоң коробканы таштай качкан. Кийин алар кармалган. Машинанын ичин тинтүүгө алган офицер марихуананын жытын байкап, шектүүлөрдү тергөө учурунда алар Калифорнияга дал ушул маңзатты алууга келгенин айтышкан. Учурда тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/policiya-kuugan-uurular-deerlik-million-dollardy-tashtaj-kachty-srt



Добавить комментарий