Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы пневмониядан каза болду

14 июль 2020 17:52 3416 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулуна шилтеме берип "Барометр" билдирди. 

"Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы, кесиптеш агабыз, бүт өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган ишмер, жаркылдаган мүнөзү бар, адамгерчилиги бийик инсан, кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири Абдыкайым Оморов көз жумду", - деп жазган Ибраим Нуракун уулу.

 Маркумдун сөөгү эртең, 15-июлда туулуп өскөн жери Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жерге берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/pnevmoniyadan-abdykajym-omorov-kaza-boldu



Добавить комментарий