Петровкадагы №8 колонияга баңги зат өткөрүп жаткан жаран кармалды (Сүрөт)
Петровкадагы №8 колонияга баңги зат өткөрүп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кечээ, болжол менен саат 20:00 чамасында, Петровкадагы №8 мекеменин башкы тосмосунан баңги зат өткөрүп жаткан жеринен 1973-жылы туулган жаран кармалды.
Колониянын ыкчам кызматкерлери жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын күзөт жана кайтаруу Департаментинин күзөт бөлүмүнүн 8-ротасынын аскер кызматкерлери менен бирге Гребенев Александр Владимировичти колго түшүрүштү. Кармоо учурунда анын жанынан боз-жашыл түстөгү эки желим бөтөлкө табылып, алар кара куурай (гашиш) жыттанган, болжолдуу салмагы 650 граммды түзгөн.
Кармалган Гребенев А.В. жана далил буюмдар тергөө жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Москва районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/petrovkadagy-8-koloniyanyn-zhanynan-shekt-zharan-karmalgan
Добавить комментарий ×