Пенза облусундагы жол кырсыктан Кыргызстандык жаш кыз жана бир эркек адам каза болду
24-январда Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгы катталып, анда 2 Кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жергиликтүү полициянын шилтемеси менен берди.
Маалымат боюнча кырсык 24-январда Нижний Новгород-Саратов унаа жолунун 420-чакырымында орун алып, анда "ГАЗ" жана Toyota Alphard үлгүсүндөгү минивэн сүзүшкөн. Минивендин ичинде Кыргызстандан 8 жаран болгон. Алардын ичинен экөө 1965-жылы туулган эркек жаран жана 1993-жылы туулган жаш кыз ошол эле жерден алган катуу жаракаттан улам каза болушкан. Жеңил жаракат алган экөө Пенза шаардык ооруканага жаткырылган. Калгандары жаракат алган эмес деп жазылат маалыматта.
Бул окуя тууралуу иликтөө жүрүп жаткандыгын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Добавить комментарий ×