Парламенттин депутаты Жылдыз Мусабековага карата Башкы прокуратурага арыз беришти
Парламенттин депутаты Жылдыз Мусабековага карата Башкы прокуратурага Facebook социалдык тармагындагы посту үчүн азыр беришти. Депутататтын айткан сөздөрүн текшерүүнү “Bishkek Feminist Initiatives” уюмунун башчысы Гуляим Айылчы (Guliaim Greeny) талап кылган. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
“Башкы прокуратурага Мусабековага карата арыз бердим. Эмнеси болсо да алдын ала эскертип жатам, улам-улам мага жазып туруңуздар”,-деп пост калтырды ал.
Эскерте кетсек, 13-мартта парламентте ЛГБТ-коомчулуктун өкүлдөрү катышкан 8-мартта өткөн аял укуктарын колдоо боюнча жүрүш талкууланган эле. Талкуунун демилгечилеринин бири катары Жылдыз Мусабекова чыккан. Ал ошондой эле өзүнүн баракчасына бул жүрүш боюнча да пикир билдирген.
Добавить комментарий ×