Парламентте депутаттар бир чечимге келе албай бир сааттан ашык убакытты жөн эле өткөрүштү

29 ноябрь 2018 14:00 914 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароо алдында депутаттар арасында пикир келишпестик келип чыкты. Регламентти беките албай, бири мыйзам буздуңар десе, экинчиси депутаттардын чечими мыйзамдан да жогору болуп кетти деген өңдүү талаштар менен бири-бирин жекирип жатып, көп убакытты талаш менен өткөрүштү. 

Депутат Алтынбек Сулайманов 2019-жылдын бюджетин өзүнчө караш керек болчу деп айтты. "Мыйзам буга жол берет экен"-деп сүйлөп баштаган төраганын сөзүн аягына чыгарбай:

"Каралбасын деген мыйзам каякта бар экен? Айтыңызчы мага? Мындан кийин баарын бириктирип бир карайлы дегенге жол бербей жүрүңүз. Анда өкмөткө жактоочу болуп алыңыз, сиз ошон үчүн төрагасыз. Баарыбызды уруштуруп коюп олтурасыз алдыгы жерде"- деп кыйкырды. 

Ал эми Момбеков депуттарга: "Эртен менен шашпай бөлүп карайлы дегенде, жоок деп бекитип койгонсуңар, эми түштөн кийин күчкө салып атасыңар. Регламенттеги күн тартиби беш-алты жолу деле алынып, коюлуп жүрбөдү беле? Биздин регламент алты жолу авария болуп оңдолгон унаадан эч айырмасы жок"-деди. 

Ошентип, кыйкырышып жатып, бир сааттан ашык талаш-тартыштан кийин өкмөттүн баяндамасын укканга өтүштү.




Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-deputattar-bir-chechimge-kele-albaj-bir-saattan-ashyk-ubakytty-zhn-ele-tkrsht



Добавить комментарий