Парламент Зарылбек Сатаевди Эсептөө палатасынын аудитору кызматына бекитти
Бөлүшүү:
Зарылбек Сатаев Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна дайындалды. Жогорку Кеӊештеги «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган талапкер Зарылбек Сатаев жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн ишеничине ээ болду. Мыйзамга ылайык, ал бул кызмат ордунда 5 жылдык мөөнөт менен иштөөгө тийиш.
Зарылбек Сатаев буга чейин Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык, Чүй жана Талас облустук бөлүмдөрүндө иштеп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/parlament-zarylbek-sataevdi-esept-palatasynyn-auditoru-kyzmatyna-bekitti
Добавить комментарий ×