Парламент Мадумаровдун талапкерлигин вице-премьерликке түштөн кийин карайт

12 февраль 2020 13:17 566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерликке сунуштаган Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап бүтө электигине байланыштуу парламенттин жалпы жыйыны саат 14:00гө жылдырылды. Мындай чечим добуш берүү менен кабыл алынды.

Саат 13:00дө төрага Дастан Жумабеков Мадумаровдун талапкерлиги көпчүлүк коалицияда каралып жатканын айтып, жалпы жыйында жылдыра турууну сунуштады. Себеби регламент боюнча парламенттин жалпы жыйыны башталганда көпчүлүк коалиция өз жыйынын токтотушу керек.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үй-бүлөсүнө байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков канааттандырган.

Разаков "Барометр" сайтына  коомчулукта айтылып жаткан сындан кызматтан кетти деген айрым маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андай ойлогондор жаңылышарын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-madumarovdun-talapkerligin-vice-premerlikke-tshtn-kijin-karajt



Добавить комментарий