Парламент Эркин Асрандиевди вице-премьерликке жактырды

5 февраль 2020 13:19 481 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Эркин Асрандиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьерликке жактырды. 99 депутат макул десе, бир депутат каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, Асрандиевди парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырды.

Асрандиев буга чейин банк тармагында иштеп келген. Ал Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы болуп 2017-жылы октябрда дайындалган болчу.

Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-erkin-asrandievdi-vice-premerlikke-zhaktyrdy



Добавить комментарий