Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болду

12 февраль 2020 17:40 1201 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында вице-премьерликке талапкер болгон Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Аны депутаттардын 97си колдосо, 1 каршы болду. Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.

Талкуу учурунда Кенжебек Бокоев көрсөтүлгөн талапкер кесипкөйлүгү жагынан начаарыраак деген ойдо экенин билдирди. Себеби Акрам Мадумаровдун укук коргоо, чек ара, демаркация делимитация боюнча тажрыйбасы жетишсиз. Бокоев премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге жогоруда айтылган маселелерде тажрыйбасы бар кадрларды карап ошону койсо болмоктугун билдирди.

“Бул киши үйрөнгүчү убактысы кетип калат, мына 4 ай калды”, — деди ал.

Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев Акрам Мадумаровдун талапкерлиги эң татыктуу жана туура болгонун кошумчалады.

Төрага Дастан Жумабеков аз сүйлөп, көп иштөө керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-akram-madumarovdun-talapkerligin-koldodu



Добавить комментарий