Пара менен кармалган Биринчи Май райондук сотунун судьясы коё берилди
Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун 2 миң доллар пара менен кармалган судьясы Максат Орозбакова 12-мартта кечинде коё берилди. Бул тууралуу "Барометр" сайтына финполдун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мыйзам боюнча соттордо кол тийбестик болгондуктан коё берилген.
“Учурда мындан ары кандай аракеттер болору каралып жатат. Соттордун мыйзам боюнча кол тийбестиги бар. Ошонун негизинде пара менен кармалган судья коё берилди”, — деп маалымат кызматтан билдиришти.
Эске салсак, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова 2 миң доллар пара алып кармалган болчу. Кийин финпол судьяны кармоо кандай жүргөнүн тастыктаган видео дагы тараткан.
Алдын ала маалыматтар боюнча судья жарандык ишти кызыкдар тараптын пайдасына чечип берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Айрым ЖМКлар сот бүгүн ишке чыкканын жазышты.
Судья Максат Орозбакова 1982-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/para-menen-karmalgan-birinchi-maj-rajonduk-sotunun-sudyasy-koyo-berildi
Добавить комментарий ×