Пара менен кармалган Биринчи Май райондук сотунун судьясы коё берилди

13 март 2020 11:50 7529 7 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун 2 миң доллар пара менен кармалган судьясы Максат Орозбакова 12-мартта кечинде коё берилди. Бул тууралуу "Барометр" сайтына финполдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мыйзам боюнча соттордо кол тийбестик болгондуктан коё берилген.

“Учурда мындан ары кандай аракеттер болору каралып жатат. Соттордун мыйзам боюнча кол тийбестиги бар. Ошонун негизинде пара менен кармалган судья коё берилди”, — деп маалымат кызматтан билдиришти.

Эске салсак, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова 2 миң доллар пара алып кармалган болчу. Кийин финпол судьяны кармоо кандай жүргөнүн тастыктаган видео дагы тараткан.


Алдын ала маалыматтар боюнча судья жарандык ишти кызыкдар тараптын пайдасына чечип берүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.

Айрым ЖМКлар сот бүгүн ишке чыкканын жазышты.

Судья Максат Орозбакова 1982-жылы Талас облусунда төрөлгөн. Биринчи Май райондук сотунун судьясы болуп 2018-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Бишкек шаардык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/para-menen-karmalgan-birinchi-maj-rajonduk-sotunun-sudyasy-koyo-berildi



Добавить комментарий

  • Факты кк туугандар факыты
  • Жумадылова 5 лет назад
    Мына карапайым эл ушинтип акчабыз жок болсо карайлап шылуундарга же.
  • Бул Сооронбай Жээнбековдун командасынын ,ачыгын айтканда азыркы бийликтин жүзү,эмнеге мыйзам иштебейт ,тескерисинче коррупция тамырлашты президен элди алдады.
    • СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ дун арекети жакшы жандап жаргон карышкырларды жок кылу керек даже бир тугунын аябо керек Садыр жапаров акто керек жакшы адамдарды оз жанына алыш керек
    • СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ дун арекети жакшы жандап жаргон карышкырларды жок кылу керек даже бир тугунын аябо керек Садыр жапаров акто керек жакшы адамдарды оз жанына алыш керек
  • Медетбек 5 лет назад
    Мындай жоруктар менен карап турсам Кыргызстан онолбойт окшойбуз эч ким гарантия бере албайт дагы албайт деп натуральный бизнес
  • Эмнеге кармалса да эртеси куну жумушка чыгып иштей берет?Кайсы олкодо ушундай процедура бар экен?Сот системасындагы коррупция менен курошуп жатабыз деп эмне эле тошун каккылап жатышат анан?