Аида Салянова: Сот инимди өлтүргөн кишилерге 15 жыл берип, шылдыңдагандай чечим чыгарды

27 ноябрь 2020 16:34 1315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу эки жылдан бери созулуп келген соттук ишке бүгүн, 27-ноябрда чечим чыкты. Бул тууралуу Салянованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүмдү Биринчи Май райондук соту М. Сыдыков чыгарып, айыпталуучу Эрмек Осмонкуловду 18 жыл 2 айга ал эми Асанэмир Абыкуловду 15 жылга эркинен ажыратты.

Ал эми, Аида Салянова соттун өкүмүнө макул эмес экендигин айтып, бул жерде саясий боек бар экенин баса белгиледи.

“Мен буга чейин эле билгем ушундай чечим болоруна. Адам өлтүрүүнү уюштурган кылмышкерге 15 жыл берди. Бул деген шылдыңдоо да. Сот бул жерде саясий буйрук бар же жогун текшерген да жок. Мен күткөм, бул балдар балким соттун чечими чыккандан кийин болгон окуяны айтып берет деп. Бирок, азыр 15 жыл берип койду, эми эч нерсени айтпайт. Эгер, өмүр боюу эркинен ажыратылса анда, балким, ким буйрук бергенин айтып бермек. Мындан ары булар 15 жыл абакта отурбайт, бат эле чыгып кетишет.

Сот чечиминин ушундай чыгышына кызыктар адамдар, буларды бат эле куткарып кетет. Бул соттун артында да чоң күч турат”, - деди Салянова.

Эске сала кетсек, Улан Саляновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен. Беткап кийген бир нече адам андан акча талап кылган. Натыйжада ортодо мушташ чыгып, Улан Салянов эки ирет ок жеп, ооруканага жетпей каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-sot-inimdi-ltrgn-kishilerge-15-zhyl-berip-shyldydagandaj-chechim-chygardy



Добавить комментарий