Пара Азия оюндары: Дзюдо боюнча мелдеште Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты

23 октябрь 2023 16:10 2336 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара Азия оюндарында Хайитхон Хусан кызы финалга чыкты. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарынын финалына чыкты.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып жатат.

Алгач ал ½ финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди.

Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттеш бүгүн, 23-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 дө башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/para-aziya-oyundary-dzyudo-boyuncha-meldeshte-hajithon-husan-kyzy-finalga-chykty



Добавить комментарий