Пандемиядан улам океанга 25 миң тоннадан ашык таштанды ыргытылды

10 ноябрь 2021 14:17 3885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк океанга COVID-19 эпидемиясынын маалында 25 миң тоннадан ашык жеке коргоочу каражаттар жана коронавируска байланышкан пластик таштандылар ыргытылган. Мындай жыйынтыкка Наньян университетинин Иминь Пэн баштаган окумуштуулары келгенин Mir24.tv булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Кытайдын адистери пластик таштандысынын сууга таркалуу процессин компьютердик моделдөө жолу менен аныкташкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыяланды.

Окумуштуулар 193 өлкөнүн коронавирус менен байланышкан таштандысы, тактап айтканда бет кап, кол кап жана башка жеке коргоочу каражаттар, тест топтомдорунун чогулушу тууралуу  маалыматтарын жыйнап, изилдөөгө негиз катары алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/pandemiyadan-ulam-okeanga-25-mi-tonnadan-ashyk-tashtandy-yrgytyldy



Добавить комментарий