Пандемия учурунда жапа чеккен ишкерлер жеңилдетилген насыя алышат (Сүрөт)

14 сентябрь 2020 14:48 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Биринчи май районунун жыйындар залында ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Чакан жана орто бизнес субъектилерин колдоо алгоритми жана маселелери талкууланып, ага Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, «РСК Банк» ААК, «Гарантийный фонд» жана JIA бизнес-ассоциациясынын, «Легпром» ассоциациясынын, «Дордой» профсоюзунун,  «Таш Темир», «Илбирс», «ЦУМ Айчүрөк» жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга коронавирус пандемиясы учурунда жапа чеккен чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялоо жолу менен каржылык колдоо максатында иштелип чыккан "Ишкердик субъекттерин каржылоо" мамлекеттик программасынын презентациясы тартууланды.
Белгилей кетсек, мамлекеттик программа 2020-жылдын 9-июнунда №315 КРнын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-zhapa-chekken-ishkerler-zheildetilgen-nasyya-alyshat-srt



Добавить комментарий