Пандемия учурунда аралыкты сактаган бут кийим чыгарылды

5 июнь 2020 18:11 2267 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пандемия учурунда аралыкты сактоо үчүн Румыниялык өтүкчү атайын бут кийим тиге баштады.  Жаңы ойлоп табылган бут кийимди кийген 2 адам бетме-бет турушса, алардын аралыгы 1,5 м түзөт.

Клуж Напока шаарында жашаган Григоре Луп 39 жылдан бери бул кесипти аркалап келет. Ага мындай ойлоп табуу, адамдар арасындагы аралык сакталбай жатканын байкоодон улам келген.

Атайын буйрутма менен алгачкы 5 чи бут кийим даярдалууда. Бир кардаардын буйрутмасын аткарууга 1 квадрат метр булгары,  жасоого эки күн кетет. Европалык стандарт боюнча 75-өлчөмдү түзгөн бут кийим 100 евро турат.

Буга чейин ал театр жана улуттук ансамбль үчүн бут кийимдерди жасап келген.

Белгилей кетсек, Румынияда коронавирус жугузган 20 миң  учур катталган.



Ссылка: https://barometr.kg/pandemiya-uchurunda-aralykty-saktagan-kijim-chygaryldy



Добавить комментарий