Памирдеги дагы 30 үй-бүлө Кыргызстанга келүүнү каалайт

14 январь 2020 10:23 1748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Памир кыргыздарынын өкүлдөрү Молдо Абдул Хак жана Памир Абдул Вахид менен жолугушту. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Аталган жолугушууга Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев жана миграция маселелери боюнча адистер катышты.

Жолугушууда Ибраимжанов өкмөттүн «Кайрылман» программасын жүзөгө ашыруу боюнча чаралары, Кыргызстанга көчүп келип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекеттик кепилдиктер, анын ичинде, 2017-жылы Кичи Памирден келген 10 үй-бүлөгө көрсөтүлгөн жардамдар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Молдо Абдул Хак памир кыргыздарынын атынан өлкө бийлигине Чоң жана Кичи Памирдеги (Афганистан) этникалык кыргыздардын дагы 30 үй-бүлөсүн кабыл алып, легалдаштыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Болот Ибраимжанов Кыргызстан памирлик боордоштор үчүн дайыма ачык экенин белгилеп, бирок Тышкы иштер министрлиги аркылуу Афганистандын расмий бийлиги менен бул маселени сүйлөшүү керектигин билдирди.

Көтөрүлгөн маселени жыйынтыктаган депутат Аида Исмаилова этникалык кыргыздар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мындай талкуулардын маанисине токтолду. Андан сырткары Памирдеги этникалык кыргыздардын дагы 30 үй-бүлөсүн кабыл алып, легалдаштыруу маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинде карала тургандыгын, анын жыйынтыгы менен өкмөткө тиешелүү тапшырма берилерин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/pamirdegi-dagy-30-j-bl-kyrgyzstanga-keln-kaalajt



Добавить комментарий