Ошто коронавирустан өлгөн кишинин аялынан акча талап кылгандар аныкталды
Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперттери 20 миң сом опузалап талап кылууга тиешеси бардыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Социалдык тармактарда 20-июль күнү Ош шаарынын тургуну И. Х. аттуу жаран, анын жолдошу 9-июль күнү коронавирустан каза болуп, анын жансыз денесин ачтырбаш үчүн Ош облустук мейиткананын кызматкерлери Х. И.нын уулу И. А. дан 20 000 сом акча талап кылышып, андан 10 000 сом акча алышкандыгын, ал эми санитардык кызматкерлер 3 000 сом алгандыгы тууралуу айткан маалымат тараган.
Аталган факт ИИМдин Тергөө кызматынын түштүк регионундагы бөлүмүнүн (Ош шаары) КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктундагы (алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
“Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жана ыкчам иштерин жүргүзүү менен 22-июль күнү Ош облустук соттук медициналык бюросунун кызматкерлеринин 10 000 сом акчасын кайтарып бергени аныкталды. Х. А. ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүмүнө аталган акча каражатын алып келип өз ыктыяры менен тапшырган. Ал каражатка кароо жүргүзүлүп, далил буюм катары таанылды”, - деп айтылат маалыматта.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери 1967-ж.т. К.А., 1974-ж.т. Д.Н. жана 1977-ж.т. Н.К. бул кылмышка тиешеси бар экени аныкталды.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берүү багытында тергөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-sotmedekspertizasynyn-kyzmatkerleri-markumdun-ayalynan-akcha-talap-kylgan
Добавить комментарий ×