Оштун коронавирус табылган Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди
Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаалдар киргизилди. Бул тууралуу Ош облусунун администрациясынан кабарлашты.
Ага ылайык, райондун аймагындагы айылдарга посттор коюлуп, укук коргоо органдары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Эске салсак, 20-мартта, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында Ноокат районунун үч тургунунан коронавирус табылганын айтып, алар Сауд Аравиясына умрага барып келишкенин билдирген. Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус алты кишиден табылды.
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү посттор Зулпуев, Көк-Жар жана Жаңы Ноокат айыл өкмөттөрүнө, андан сырткары Ноокат шаарынын кире беришине коюлган. Посттордун саны балким көбөйүшү да ыктымал.
Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районуна да карантин жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-koronavirus-tabylgan-nookat-rajonuna-zgch-kyrdaal-kirgizildi
Добавить комментарий ×